Жалал-Абад казыяты өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдирди

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун демилгеси, казыят курамынын колдоосу менен 2018-жылы бирге кызматташкан өнөктөштөр ыраазычылык баракча менен сыйланды.

“Youth of Osh” коомдук бирикмеси жаш лидерлерди даярдоодо жана жаштар менен улуу муундун ортосундагы мамилени чыңдоодо зор салымын кошуп, жаштардын потенциалынын жогорулашына шарт түзүү менен өлкөбүздүн өркүндөп-өсүшү үчүн күрөшүп, коомдук тартипке кошкон салымы үчүн, “Youth of Osh” коомдук бирикмесинин Жалал-Абад облусундагы регионалдык координатору Жанара Рыскулова.

“Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонду диний лидерлерди даярдоодо жана чыр-чатактарды жөнгө салууда, ошондой эле  тынчтыкты куруу боюнча алгылыктуу иш алып барууда зор салымын кошуп, диний лидерлердин, имамдардын потенциалынын жогорулашына шарт түзүп, мамлекеттин тынчтыгы үчүн күрөшүү менен калктын тынчтыгын сактоого кошкон салымы үчүн, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фондунун  Жалал-Абаддагы филиалынын координатору Анара Джумабаева.

“ДООР” коомдук фонду оору-сыркоодон сакаюга шарт түзүп, өлкөбүздүн жарандарынын ден соолугу үчүн күрөшөт. Анткени, ден соолук – бул чоң бакыт. Ошол бакытты көп жылдар сактап калууга салымын кошуп, жашоого бакыт тартуулайт.  “ДООР” коомдук фондунун директору   Гончаров   Вячеслав  Владимирович.

“AVEP” коомдук фонду диний жаш лидерлердин ишкердикке болгон жөндөмдүүлүгүн арттырып, медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуп-үйрөтүүдө жана болочок диний лидерлерге билим берүүдө алгылыктуу зор иш алып барып, жигердүү кызмат  көрсөтүп, өз салымын кошуп, колдоо көрсөткөндүгү үчүн, “AVEP”коомдук фондунун директору Токонов Нурлан мырза жана менеджери Нарынбек Кыдыргычов.