Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов жалпы мусулман коомчулугун тынчтыкка чакыруу үчүн буйрук чыгарды

Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов борбор калаадагы бардык мечиттерде жалпы мусулман коомчулугун тынчтыкка чакыруу үчүн атайын буйрук чыгарды. Буйрукта ар кандай провакациялык иштерге жол бербөө, Ислам дининдеги тынчтыктын мааниси, улуттар ортосундагы достукту бекемдөө маселелери каралган.

«Ислам дини тынчтыкка чакырат. Анткени ааламдардын сыймыгы болгон жол башчыбыз Пайгамбарыбыз Мухаммад (САВ) ааламга тынчтык динин алып келген. Андыктан биз дайыма мечиттерде, коомчулук арасында мекендештерибизди биримдүүлүккө, тынчтыкка чакырышыбыз керек. Качан тынчтык өкүм сүргөндө мамлекетибиз өнүгөт»,-деди шаар казысы.