Жалал-Абад казыяты диний окуу жайлар арасында жыл мыктыларын аныктады

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу “Имам Аьзам” медресесинде Жалал-Абад казыяты тарабынан уюштурулган диний окуу жайлар арасында 2018-жыл аралыгында мыктыларды сыйлоо аземи болуп өттү.

Иш чара алкагында  2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган концепциянын багыттарын ишке ашыруу, мугалимдердин сабак берүү чеберчилигин өстүрүү, жоопкерчиликти күчөтүү, окуучулардын билим сапатын көтөрүү, инновациялык жана интерактивдик сабак өтүүнүн ыкмаларын жайылтуу максатында Жалал-Абад казыяты тарабынан демилгеленген облус казысынын бекиткен ырааттаманын негизинде уюштурулган көчмө семинарда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөн 3 медресеге орундар ыйгарылып,  казыяттын диплому менен сыйланды.

1-орун Сузак району, Аиша Сиддика кыз-келиндер медресеси

2-орун Таш-Көмүр шаары, Амир Хамза ислам институту

3-орун Жалал-Абад шаары, Аз-Захра медресеси

Ал эми Көчмө семинарда “Адеп-ахлак жана толеранттуулук” темасынын алкагында класстан тышкаркы ишти уюштурууда өзүнүн активдүүлүгүн көрсөткөндүгү үчүн тажрыйбачы Исмаилова  Умидахон  Хайруллаевна казыяттын алкыш баракчасы менен сыйланса, төмөнкү диний окуу жайдын кызматкерлерине номинациялар ыйгарылды.

-Көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенип, жаш мугалимдерге жол көрсөтүп, өзүнүн акылын, кеңешин, насаатын айтууда жана студенттерге таалим-тарбия берүүдө зор салымын кошкондугу үчүн Сузак районуна караштуу “Имам Аьзам”  медресесинин мугалими Рахманбердиев  Низомидин  Халисовичке — Жылдын ардактуу мугалими – 2018 номинациясы ыйгарылды.

-Жалал-Абад казыяты менен тыгыз иш алып барып, отчетту өз убагында тапшырып,  диний окуу жайдын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө зор салымын кошкондугу үчүн Сузак районуна караштуу Аиша Сиддика кыз-келиндер медресесинин мүдүрү Абдыкалыков  Капарбек  Абдыкеримовичке — Жылдын мыкты мүдүрү – 2018 номинациясы ыйгарылды.

-Жалал-Абад казыяты менен тыгыз иш алып барып, отчетторду жана маалыматтарды өз убагында берип,   диний окуу жайда окуу процессин жүрүшүнө зор салымын кошкондугу үчүн Базар-Коргон районуна караштуу Имам Тирмизий медресесинин окуу бөлүм башчысы Икрамов  Нармамат Турдуевичке — Жылдын мыкты окуу бөлүм башчысы – 2018 номинациясы ыйгарылды.

-Өз билимин өркүндөтүүдө ар дайым изденип, студенттерге таалим-тарбия берүүдө  инновациялык жана интерактивдик ыкмаларды пайдаланып, жаштарды шыктандырууда  зор салымын кошкондугу үчүн Сузак районуна караштуу “Арстанбап ата”  медресесинин мугалими Тургунбаев  Абдужамал  Хожимахамадовичке — Жылдын шыктуу мугалими – 2018 номинациясы ыйгарылды.

-Жалал-Абад казыяты тарабынан демилгеленген 2017-2018-окуу жылына карата  диний окуу окуу жайлар арасында көчмө семинарда ачык сабакты “Эң жакшы”  деген баага татыктуу өткөргөндүгү  үчүн Сузак районуна караштуу  “Аиша Сиддика” кыз-келиндер медресесинин Куран сабагынын мугалими Бурханова   Дилорам  Закирходжаевнага жана класстан тышкаркы ишти “Эң жакшы” деген баага татыктуу өткөргөндүгү үчүн ушул эле медресенин фикх сабагынын мугалими Сатарова Айчүрөк Абдикамиловнага, Таш-Көмүр шаарындагы Амир Хамза Ислам институтунда класстан тышкаркы ишти “Үлгүлүү” деген баага татыктуу өткөргөндүгү үчүн Куран, акыйда сабагынын мугалими Куламсабырова Рабия Куламсыбыровналарга — Жылдын мыкты мугалими – 2018 номинациясы ыйгарылды.