Жалал-Абаддагы диний окуу жайлардын студенттери арасында хадис сабагы боюнча өткөн олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланышты

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен  облус аймагындагы бардык диний окуу жайларда хадис сабагы боюнча областтык масштабда уюштурулган олимпиаданын жеңүүчүлөрү казыяттын диплому, ардак баракчасы менен сыйланышты.

Олимпиаданын негизги максаты өзгөчө шыктуу окуучуларды таап чыгуу жана аларга колдоо көрсөтүү, жаштардын хадис cабагына болгон кызыгуусун арттыруу, хадистен өрнөк алып өз жашоолорунда пайдалануу жана диний окуу жайлардын окуучулары арасында түрдүү интеллектуалдык таймаштардын түрлөрүн өркүндөтүү, сабак боюнча класстан тышкары иштерди активдештирүү, сабактарды тереӊдетип окууну жогорулатуу, сабакты изилдөө иштерине жөндөмдүү окуучуларды тартуу болуп саналат.

«Мындай иш чаралардын өтүшү  медреселерде билим берип жатышкан мугалимдердин жоопкерчилигин күчөтүп, тажрыйба алмашуу, 2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган концепциянын багыттарын жана Коргоо Кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу, инновациялык жана интерактивдик сабак өтүүнүн ыкмаларын өркүндөтүү багыттарын жакшыртат”,-дейт облус казысы Абдулазиз каары  Закиров

Орундар Окуучунун            аты жөнү Окуган окуу жайы Дареги  
 

I Орун

Керимбеков А. Аз-Захра медресеси Жалал-Абад ш.  
Ахматалы к. Г. Амир Хамза Ислам институту Таш-Көмүр ш.  
Ахматалы к. Х. Амир Хамза  Ислам институту Таш-Көмүр ш.  
 
 

 

II Орун

Абдухалил у. А. Аз-Захра  медресеси Жалал-Абад ш.  
Алимжан у. О. Амир Хамза Ислам институту Таш-Көмүр ш.  
Асилова М. Аиша Сиддика медресеси  Сузак р.  
Кошалиев С. Амир Хамза Ислам институту Таш-Көмүр ш.  
Жеңишбек к. Н. Амир Хамза Ислам институту Таш-Көмүр ш.  
 
 

 

III Орун

Зайнабидин к. М. Аиша Сиддика медресеси Сузак р.  
Сулейманова Р. Биби Рабия медресеси Сузак р.  
Батырбек у. А. Амир Хамза Ислам институту Таш-Көмүр ш.  
Муминова М. Имам Аьзам медресеси Сузак р.  
Бахрамова А. Имам Аьзам медресеси Сузак р.  

Эске салсак, олимпиаданын жүрүшү боюнча атайын облустук казыяттан комиссиялык топ түзүлүп, жоболор бекитилип, сынактын катышуучулары үчүн атайын убакыт берилген. Сынак Имам Ан-Нававинин 40 хадис китебинин негизинде 1-курстар үчүн кыргызча 20 хадис, 2-курстар үчүн арабча 20 хадис, ал эми 3-4-курстар үчүн 40 хадисти жатка айтуу боюнча жүргүзүлгөн болчу.