Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев жалпы кыргызстандыктарды жол эрежесин сактап, этият болууга чакырды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жалпы кыргызстандыктарды жол эрежесин сактап, этият болууга чакырды. Азирети Муфтий жол эрежесин бузган айдоочулар бейгүнөө адамдардын, наристелердин өмүрүн кыйып, канчалаган балдарды жетим калтырып, көптөгөн үй-бүлөлөрдү кайгыга салып жаткандыгын баса белгиледи.

«Бул өзүн-өзү өлтүргөнгө барабар. Эгер бирөөнүн өмүрүн кыйып атса, атайлап өлтүрүүгө барабар. Шариятта адамдын каны өтө баалуу, ааламдан дагы баалуу, миллиард доллар болобу адамдын канына эч тете эмес. Келиңиздер жол белилерди так сактап, этияттап айдайлы»,-деди Азирети Муфтий.   

Муну менен катар Азирети Муфтий айдоочуларды шашылбай айдап, белгиленген жерге жарым саат же бир саат кечигип барса дагы шашпай, аман-эсен барууга чакырды.