Алмазбек ажы Сагындыков: Ысык-Көл облусундагы имамдар 2019-жылы тазалыкка көңүл бурушат

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын №11 буйругунун негизинде шаар, райондун баш имам хатибдерине жана имамдарга жалпы коомчулукка жарыя кылып, тазалыкка чакырууну тапшырды.

“Мекен- биздин мамлекетибиз, иштеген, окуган, жашаган жерибиз. Биз мекенибизди эртенки муунга тарыхы, маданияты менен таза өткөрүп берүү милдетибиз. Андыктан ортодогу ынтымакты бекемдеп, мекенибизди таза сактайлы”,- дейт облус казысы.

Эскерте кетек, бул тапшырма КР Президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин быйылкы жылды “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялаган жарлыгынын алкагына карата берилген.