Шашылгыла! Баткенде азан айтуу боюнча сынак өтөт

2019-жылдын 9-февралында Баткен  облустук казыяты жана «Мухаммед-Умар Ош» коомдук бирикмеси  тарабынан Баткен облусундагы  азанчылар арасында азан айтуу боюнча мелдештин облустук туру өтөт.

Сынак азандын маани-маңызын элдин калың катмарына жеткирүү жана туура, көркөм айткан азанчыларды даңазалоо максатында уюштурулууда.

Конкурстун 1-этабы райондук деңгээлде өтөт. Анын жеңүүчүлөрү облустук турга жолдомо алат. Облустук тандоо турунан 1-2-3-орунду алган азанчыларга республикалык сынакка жолдомо берилет.

Сынактын калыстары:

  1. Сынактын төрагасы: Басиров Рахматулла кары;
  2. Калыс: Атабаев Бакир кары;
  3. Калыс: Курбанбаев Мухаммадияр кары;
  4. Калыс: Атаназаров Имамназар кары;
  5. Калыс: Жолдубаев Нурали кары.

Сынакты өткөрүүнүн жол-жобосу жана сыйлыктары;

Облустук тандоо турунан 1-2-3 орунду алган азанчылар республикалык азанчылардын сынагына жолдомо алат жана аларга төмөндөгү сыйлыктар берилет.

1-орун – 8000 сом;

2-орун – 6000 сом;

3-орун – 4000 сом .

Сынакка райондук тандоо турунан өткөн 3төн ашпаган катышуучу 2019-жылдын 9-февралындагыдагы облустук тандоо туруна жолдомо алат.

Катышуучу Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.

Эскертүү: Эгерде график өзгөрсө катышуучуларга телефон аркылуу кошумча маалымдалат.

Сынактын шарттарына туура келбеген азанчылар катыштырылбайт.

Байланыш телефону: 0558 682 111, 0773 49 34 32.

Сынактын облустук туру 2019-жылдын 9-февралында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы «Мураталы ажы Жуманов» атындагы борбордук мечитте өткөрүлөт.