Чүй облусунун мусулмандар казыяты боор оорусу менен жабыркаган Кубанычбек Карабалаевге 65 000 сомдук акчалай жардам берди

Чүй облусунун мусулмандар казыяты боор оорусу менен жабыркаган Бишкек шаарынын 47 жаштагы тургуну Кубанычбек Карабалаевге 65 000 сомдук акчалай жардам берди. Каражат облус аймагындагы мечиттерден чогултулуп, жергиликтүү эл колдоого алышкан.

«Элибизге ыракмат айтышыбыз керек. Биз Кубанычбек Карабалаевге жардам керектиги боюнча элибизге кайрылган элек, элибиз мечиттерге чогултуп беришти. Кудайым буюрса бул каражат  аз болсо дагы кандайдыр бир деңгээлде өз керегине жарайт деген үмүттөбүз»,-деди облус казысы Руслан ажы Жумагулов.

Жардамды Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов Кубанычбек Карабалаевдин жубайына тапшырып, Кубаныч мырзанын сакайып кетишине дуба кылды.