Пазыл ажы Султанмуратов: Баткенде ажылык сапарына барууну каалагандар көбөйүүдө

Учурда ажылык сапарына барууну каалаган жарандарды каттоо Баткен облустук мусулмандар  казыятында жана район, шаарлардын хатибияттарында жүрүп жатат. Бүгүн, 15-январда Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов массалык маалымат каражаттарына 2019-жылы ажылык сапарына катталуу, талаптары боюнча кеңири маалымат берди.

Облус казысы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ажылык сапарына барууну каалаган жарандарды каттоо боюнча бардык шарттар түзүлгөндүгүн жана Баткен облусунда  жыл сайын ажылык сапарына барууну каалаган жарандардын саны өсүп жаткандыгын билдирди.