Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби мектеп окуучуларын китеп менен дос болууга чакырды

Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Каныбек ажы Кожогулов Чырак орто мектебинин окуучулары менен жолугушуп, аларга мекенди сүйүү, ата-эненин ыраазычылыгын табуу, адептүү болуу темаларында баяндама жасады. Иш чарага айыл имамдары, аксакалдар катышып, өздөрүнүн насааттарын, кеп-кеңештерин айтышты.

“ “Күч-билимде, билим китепте”,- демекчи биз келечек муундарыбызды билимдүү болууга чакырышыбыз керек. Китеп адамдын чыныгы досу жана окутуучусу, акылдуу кеңешчиси жана ишеничтүү жардамчысы, андыктан жаштарды  жаш кезибизинен тарта китеп менен дос кылышыбыз керек”,-деди Каныбек ажы Кожогулов.