Баткендеги имамдар элди тазалыкты сактоого чакырышат

Баткен облусундагы имамдар мындан ары жума баяндамаларында элди тазалыкка чакырышат. Бул боюнча Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов имамдарга тапшарма берди. Тапшырмага ылайык имамдар элге тазалыктын шарияттагы орду боюнча маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

««Тазалык-ыймандан»,-демекчи эми Баткен облусундагы дин кызматкерлери коомчулук арасында тазалыктын шарияттагы орду боюнча маалымат беришип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Ал эми имамдардын бул жааттагы ишмердүүлүгү казыят тарабынан көзөмөлдөнөт»,-деди облус казысы.