Баткен казыяты Баткен телеканалы менен кызматташууну жандантат

Баткен казыяты Баткен телеканалы менен кызматташууну жандантат. Бул туурасында бүгүн,  15-январда Баткен облусунун мусулмандар  казысы Пазыл ажы Султанмуратов Баткен облустук телеканалынын жетекчиси Мамажан Бердишев менен жолугушкан учурда билдирди.

Облус казысы өз сөзүндө коомчулукту ынтымакка, биримдикке, тынчтыкка, тазалыкка жана ыйман, адепке чакырууда массалык маалымат каражатынын орду чоңдугун белгилеп, бул жаатта бир топ жылдан бери Баткен казыяты менен тыгыз  кызматташып келген Баткен телеканалынын салымы эбегейсиз экендигин баса белгиледи. Муну менен катар жолугушуу учрунда   облус казысы Мамажан Бердишевке ыраазычылыгын билдирип, быйылкы “Аймактарды өнүктүрү жана санариптештирүү” жылында кызматашууну бекемдөө  пикирин сунуштады.

Ал эми Мамажан Бердишев Баткен казыяты менен кызматташууга ар дайым даяр экендигин билдирип, Баткен казыяты менен  Баткен телеканалы бир топ жылдан бери “Ислам маданияты” жана “Жума хутбасы” берүүсүн  жума сайын эфирге чагылдырып келгендигин айтып,  кызматташууну жандандыруу сунушун колдоорун айтты.

Жолгушуу соңунда облус казысы Мамажан Бердишевке ыйык Куран китебинин жана Муфтияттын атайын журналын белекке берди.