Китеп окуу депрессияны айыктырып, эс тутумду жакшыртат

Илим, билим адамга, улутка кут алып келе турган улуу мүлк. Адам жашоосунда ага эзелтен терең баа берип келген «билим адамга канат», «билими күчтүү миңди жыгат», «илим окуу булагы, билим өмүр чырагы» — демекчи азыркы жаштардын көпчүлүгү китепке кайдыгер карап, соц тармактардын кулу болуп, китепканаларда китеп окууган жаштар азайгандан азайып бараткандай. Китеп адамдын чыныгы досу жана окутуучусу, акылдуу кеңешчиси жана ишеничтүү жардамчысы, андыктан жаш кезибизден тартып китеп биздин талыкпаган жандоочубуз болушу керек. «Китеп – адамдардын руханий байланышындагы көөнөрбөс көрөңгөнүн бири, ал адамды өз башатына баш багууга, жан дүйнөсүнүн сырдуу түйүндөрүн чечүүгө, учурдагы, өткөндөгү жана келечектеги турмушка сереп салып, байкоо жүргүзүүгө түрткү берет. Китеп — адамдарды байланыштырат»- деп улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов да эскертип кеткен.

“Китеп билим булагы”, “Китепсиз бардык тармактагы илим-билимди билүү, таануу өтө кыйын” демекчи кайсыл өнүккөн өлкөнү карабайлы бардыгы китеп канага барып китеп окуу алардын күнүмдүк жашоосунун бир бөлүгү . Алар китеп окуу менен эбегейсиз жетишкендиктерге жетишип, кыйынчылыктарды акылдуулук менен чечип, өз өлкөсүн экономикасы күчтүү, гүлдөп өнүккөн өлкөнү билим алуу менен, китепканалардан китеп окуу менен түптөп жатышпайбы.

Жогоруда китеп окуу кандай пайдалуу экенин жана дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн китепканаларынын сүрөттөрү. Көз жүгүртүп коюңуз…

  1. Китеп окуу стрессти азайтат. Китеп окуу — стресстен чыгуунун эң натыйжалуу жолу.
  2. Уйкусуздуктан арылтат. Китеп окуу — эс алуунун жана уйкуга жакшы камынуунун эң жакшы багыттоочусу. Уйку алдында телефон карап жатууда жана телевизор көрүүдө алардан чыккан ачык түстөр уйкуну качырып, мээге жакшы уктоо программасын түзүүгө жолтоо болот. Ал эми уйку алдында пайдалуу китеп окуу мээни тынчтандырып, жакшы ойлорду топтоп алуу менен уйкуга кетүүгө шарт түзөт.
  3. Акылыңызга акыл кошот. Китеп окуу маалында биз башкы каармандын кубаныч-кайгысын өзүбүздө жашатып, ага айланып кеткендей абалда болобуз. Көркөм чыгармаларды окуу менен адам жашоону, айланасындагыларды туура түшүнүүгө калыптанат.
  4. Мээнин иштөөсүн жакшыртат. Эмори университетинин окумуштуулары китеп окугандан кийин адамдын интеллекти канча бир деңгээлге жогоруларын далилдешкен. Ал изилдөөчүлөр окуу менен мээнин нерв байланыштарынын саны физиологиялык деңгээлде көбөйөрүн аныкташкан.
    5. Депрессияны айыктырат. Китеп окуу депрессияны айыктыруу үчүн жакшы ыкма экендиги окумуштуулар тарабынан аныкталган. Оор абалдан кутулууда бир жыл бою китеп окуу менен алек болгон оорулуулардын абалы китеп окубай дарыланган оорулууларга салыштырмалуу кыйла жакшыргандыгын практика көргөзгөн.
  5. Китеп окуу менен кызыктуу адамга айланасыз. Жогорку интеллектуалдык деңгээл сизди айланаңызга кызыктуу кылып көрсөтөт. Андан улам айланаңыздагылар талкууларда, таанышууларда, баарлашууларда сизге ишеним артып, сизге карата жакшы ойдо калышат.
  6. Китеп окуу жашоого максат коюуга көмөктөшөт. Адам китепти канчалык көп окуса, ошончолук жакшы каармандарга окшошууга аракет кылып, жашоосун китептегидей кызыктуу кылып жашоого умтулат. Ошондой эле көп окуган адам максаттарды так коё билүү менен бирге кыйынчылыктардан оңой кутула алат жана сүйүүгө бай келет.
  7. Көп окуган адам жигердүү жашоо образына ээ болот. Коомдук жана маданий органдардын жигердүү катышуучулары жашоосунда абдан китепкөй адамдар экендиги аныкталган.
  8. Эс тутумду жана ой жүгүртүүнү жакшыртат. Адам китеп окуган сайын жаңы маалыматтарды алуу жана эске тутууга аракет кылуу менен мээсин машыктырган болот. Бул китепти үндү сыртка чыгарып окуу менен ого бетер бекемделет. Андан улам угуп гана коюучуларга салыштырмалуу окуган жана көп жазган адамдардын эс тутуму жакшы, ой жүгүртүүсү тез болот. Андыктан көп окугандан эч качан качпаңыз.
  9. Сөз байлыгыңызды кеңейтет. Китеп окуу маалында окурман көптөгөн жаңы сөздөрдү кезиктирет. Натыйжада аны сөздүктөрдөн карап сөз корун кеңейтет. Эч болбоду дегенде анча түшүнө бербей жүргөн сөзүнүн маанисин тереңден билип алат. Билип алган сөздөр менен адам сөз байлыгын гана кеңейтпестен, билимин да бекемдеген болот.
  10. Китеп окуу, жазуу шыгыңызды арттырат. Китеп окуунун сыйкырынан адам кантип автордун жазуу стилин өзүнө өздөштүрүп алганын байкабай калат. Маселен, бирөөгө кат жазууда жакшы көргөн авторуңуздун чыгармасындагы өзгөчөлүктөрдү өзүңүздүкү сыяктуу эркин колдонуп калган болосуз.
  11. Китепкөйлөрдүн күч-кубаты туруктуу болот. Китеп окубаган жана аз окугандарга салыштырмалуу күн сайын китеп окууну адатка айландыргандар физикалык оорчулуктарды оңой көтөрүшөт. Ошондуктан машыгуу залында оор көнүгүүлөрдү жеңил жана узакка аткара алышат.
  12. Ачык-айрым болууга жардам берет. Китеп окуган адамдардын идеяга бай экенин байкап эле жүрсөңүз керек. Ырас эле китеп жаңы идеялардын булагы болуп саналат. Ошондуктан көп окуган адамдар кичинекейден чоң идея табууга жөндөмдүү келишип, кеңешчилерге анча муктаж болушпайт.
  13. Чет тилин тез өздөштүрүүгө жардам берет. Дайыма китеп окуган адамдар жаңы нерсени тез түшүнө алышат. Ошондуктан китеп менен дос болгон адамдар чет тилин үйрөнүүдө кыйналышпайт.
  14. Альцгеймер оорусунун алдын алат. Альцгеймер – эс тутумдун кескин жоголушуна алып келген коркунучтуу оору. Бул оорунун китепти көп окуу менен алдын алса болот. Мээ да башка органдар сыяктуу эле мындай коркунучтуу оорулардан коргонууга муктаж. Андыктан бул абалдан сактанууда китеп окуу эң идеалдуу жол болуп саналат.
  15. Бирге китеп окуу ата-эне менен баланы жакындатат. Психологдор бала менен бирге китеп окуу аны менен болгон жакындыкты кыйла жакшыртарын байкашкан. Балаңыз менен мамилеңиз мээрим, сүйүү сезимдери менен жакындоосун кааласаңыз, анда аны менен ойноо, телевизор көрүү сыяктуу аракеттериңизди бирге китеп окууга алмаштырыңыз.
  16. Каржылык абалды оңдойт. Статистикага таянсак, китеп окуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланбаган адамдар 43 пайызды түзүп, натыйжада алар жакырчылыкта күн кечирип келишет. Ал эми каржылык абалды жакшыртууга жол көрсөткөн китептерди окуган адамдарда каржы маселеси аз экендиги маалым.
  17. Китепти көп окуган балдар окууда жетишкендиктерге көп ээ болушат. Китепти көп окуган жана окуудан ырахат алган окуучулар мектепте артыкчылыктарга ээ болушат. Ошондуктан мындай окуучулар гуманитардык сабактардан гана эмес, илимдердин падышасы болгон математика сабагын кызыгуу менен окуп, оңой өздөштүрө алышат.
  18. Жакшы маектешке айлантат. Башкалардын окуяларын окуу менен адам өзүнүн жашоосу тууралуу кызыктуу кылып айтууга үйрөнөт. Ошол эле маалда айтууга кызыктуу жана айтып убакыт коротпой турган нерселерди иргеп ала алат. Айткандарыңыз канчалык кызыктуу болсо, ошончолук кызыктуу маектешке айланасыз да, айланаңызга сизге ишенген адамдарды топтой аласыз.
  19. Китеп ааламдагы жакшы нерселерди көргөзөт. Ыктыярчылар жана кайрымдуулук иш-чаралары менен алектенгендердин негизги курамын жигердүү китеп окуучулар түзүшөт. Анткени алар бардык жерден жакшы нерсени таап көрө алышат, жагымсыз абалдардан качышпайт жана жардам берүүдөн аянышпайт. Ошондой эле ал адамдар мындай көз карашты башкаларга жуктурууга аракеттенишет.

Булак: www.oshbilim.kg