Толкунбек Жуманов: Болочок ажылар 31-январга чейин бардык документтерди толуктап, электрондук каттоодон өтүүлөрү абзел

Бишкек шаарындагы ажылык сапарына каттоо борбордук мечитте жүргүзүлүүдө.  Бишкек шаары боюнча жоопту адис Толкунбек  Жумановдун айтымында ажыга баруучулар өз убагында каттоодон өтө турган болсо эч кандай көйгөй жаралбайт. Айрыкча банктык төлөмдөрдү эрте төгүүлөрү керек. Муну менен катар биометрикалык паспорту болушу керек.

«Мурдагы жылдары жарандарды эң көп түйшөлткөн маселе паспорт боюнча каттоосу туулган айында болуп, өзү көп жылдан бери шаарда жашап калгандар борбордон каттаалууну каалашат эле. Дагы бир көйгөйлүү маселе болуп,  өз убагында төлөмдөрдү төлөбөгөндөр аябай көп кайрылат болчу. Ошондуктан быйылкы жылы 31-январга чейин бардык документтерди толуктап, каттоодон өтүү абзел. Кошумча айта кетүүчү жагдай мурдагы жылдарга салыштырмалуу бул жылы ажыга барууну каалаган жарандардын саны арбын»,-деди Жуманов.   

Бишкек шаарынан бүгүнкү күндө 122 жаран катталып, тиешелүү документтерин тапшырышкан.