Ысык-Ата районунун Юрьевка айылында заманбап мечит эл кызматына берилди

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка айылында заманбап мечит эл кызматына берилди. Мечит Муса ажы Магомаев тарабынан каржыланып, ачылыш салтанатка райондун баш имам хатиби Бакыт ажы Убабеков, жергиликтүү эл жана айыл аксакалдары катышты. Юрьевка айылына салынган мечитте жылуулук системасы, ысык жана муздак суу менен камсыздалып,  200 кишиге ылайыкташылган.