Токмок шаардык хатибияты ишкерлер жана шаар тургундары менен биргеликте муктаждарга 7 тонна көмүр таратып, майыптар үйүнө ысык тамак уюштурушту

Токмок шаардык хатибияты ОО «Биримдик-Токмок» ишканасы жана шаар тургундары менен биргеликте муктаж 30 үй-бүлөгө 7 тонна көмүр таратышты. Ушул эле күнү кайрымдуулук иши шаардагы мүмкүнчүлүгү чектелген үйгө уланып, андагы 250 жаранга түшкү ысык тамак уюштурулду.

«Кайрымдуулук ишине активдүү катышкан ар бир мекендешибизге жана ОО «Биримдик-Токмок» ишканасына ыраазычылык билдирем. Карымдуулук кылуу үчүн ар бир адам алардын турмушун жүрөгү менен сезүүлөрү керек. Бул ишибизди мындан ары улантууну максат кылуудабыз»,-деди Токмок шаарынын баш имам хатиби Имиржан ажы Касымов.