Чүй облусунун Москва, Сокулук жана Аламүдүн районундагы имамдарга мечиттерди каттоодон өткөрүү жана улуттар ортосундагы достукту бекемдөө боюнча жыйын өттү

Бүгүн, 17-январда Чүй облустук мусулмандар казыятына караштуу Москва, Сокулук жана Аламүдүн районундагы имамдарга мечиттерди каттоодон өткөрүү, жума хутбаларды айтуу чеберчилигин өстүрүү, улуттар ортосундагы ынтымакты бекемдөө, бирдиктүү намаз убактыларын сактоо боюнча жыйын  өттү. Дин кызматкерлерине өткөн жыйында Сокулук районунун баш имам хатиби Икрам ажы Ырысбаев 2019-жылдагы ажылыкты жогорку деңгээлде уюштуруп, мечиттерди каттоо маселесин тездетүү боюнча имамдарга тапшырма берди.

Ал эми Москва районунун баш имам хатиби Искендер ажы Жакеев  райондогу имамдардын билимин жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында 16 имам хутба кылууда орун алмашып, аймактардагы мечиттерде  жума баянын жасагындыгын баса белгиледи. Баш имам хатип өз кезегинде мындай тажрыйбаны колдонуу учурдун талабы экендигин айтып, башкысы имамдар бул жаатта өсүш алгындыгын билдирди.

«Дин кызматкерлери күнүгө өз билимдерин жогорулатып, дайыма изденүүнүн үстүндө болуулары керек. Имам ким? Имам-дайыма эл кызматында болуп, ар кандай шарияттык маселелерди ордунда чечкен инсан»,-деди Искендер ажы Жакеев.

Ушул эле жыйын бүгүн, 17-январда Аламүдүн районунда дагы өтүп, анда райондун баш имам хатиби Абдурахман ажы Анаркулов имамдардын январь айындагы отчетун алды.