КМДБнын Аппарат жетекчиси Чүй облустук казыятынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, казыяттын ишин кыска мөөнөттө жөнгө салууну облус казысына эскертти

Кыргызстан Мусулмандарынын Аппарат жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев жана Азирети муфтийдин жардамчысы Умар ажы Ибраев Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы «Хадижа» мечитине жайгашкан Чүй облустук мусулмандар казыятынын  ишмердүүлүгү менен жеринде таанышышты. КМДБнын Аппарат жетекчиси казыят кызматкерлерине 2019-жылдагы иш планды бекитүү, казыяттын ишин жандантуу жана берилген тапшырмаларды өз учурунда жоопкерчилик менен аткарууга чакырып, казыяттын иши Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин көзөмөлүндө экендигин эскертти.

Муну менен катар КМДБнын Аппарат жетекчиси казяттын иш тартибин кыска мөөнөттө жөнгө салып, казыяттар арасындагы тажрыйба менен бөлүшүү керектигин сунуштап, казыят кызматкерлеринин мындан аркы ишине ийгилик каалады.

«Имамдарыбыз эл ичинде эбегейсиз иштери жасашат, бирок бул актарылган иштерден коомчулук кабарсыз. Андыктан казыяттын коомчулукту маалымат менен камсыз кылуу жагын жандандыруу керек»,-деди Умар ажы Ибарев.

Жолугушууга Чүй облусунун Мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов жана казыяттын толук курамы катышты.