Сокулук районунун Ак-Жол айылынын имамы айылдагы авиациялык аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокерлер менен жолугушту

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Ак-Жол айылынын имамы Мамбетали Кудайбердиев аксакалдар менен биргеликте айылдагы авиациялык аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокерлер менен жолугушуп, мекенди коргоо, ата-энени сыйлоо, өзүнүн өмүрүнө кол салуу жана адеп-ахлак боюнча баяндама жасады.

Иш чара авиациялык аскердик бөлүктүн жетекчилиги тарабынан уюштурулуп, анын алкагында айыл аксакалдары жүрүм-турум эрежелери, улууларды урматтоо жана мамлекеттин тынчтыгынын маанилүүлүгү туурасында кеп кылышса, айыл имамы мекенди коргоонун сооптору жана ыймандуулук боюнча баяндама жасап, жоокерлердин суроолоруна жооп берди.