Ноокендин Хила айылынын имамы жаштарды кылмыштуулуктан оолак кылуу максатында спорттук иш чара өткөрдү

Ноокен районунун Момбеков айыл аймагына караштуу Хила айылындагы “Ак мечит” жума мечитинин имам хатиби Шералы Жумаев райондук ИИБ жана  “Кыргызнефтигаз” ишканасынын   колдоосу менен жаштардын ден соолугун чыңдоо, жаш жеткинчектерди  кылмыштуулуктан оолак кылуу жана спортко түрткү берүү максатында райондогу мектеп  окуучулары арасында эркин күрөш боюнча сынак уюштурду. Спорттук иш чара Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызнефтигаз” ишканасынын спорт сарайында өтүп,  алдыңкы орундарга баалуу сыйлыктар, кубоктор, медалдар ыйгарылып, мелдештин катышуучуларына жана көрүүчүлөрүнө сый тамак уюштурулду.

Спорт – бардык жакшылыктардын эшигин ачат эмеспи. Андыктан айыл жаштарын спортко кызыктыруу максатында эркин күрөш боюнча сынак өткөрдүк. Мындай иш чараларды келечекте дагы уюштуруп, элдин ынтымагынын бекемделе беришине салымыбызды кошо беребиз”,-деди айыл имамы.

Иш чарага “Ак мечит” жума мечитинин имам хатиби Шералы Жумаев өзү демөөрчү болуп, жаштарды спортко кызыктыруу боюнча демилгесин ишке ашырган. Иш чарага жалпысынан 50 000 сом чыгымдалып, каражат белек-бечкек сатып алууга сарпталган.

Эскерте кетсек, Хила айылында 500дөй кожолук жашайт.