Кыргызстан Ислам Университетинин окутуучулары Ош облустук казыятынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргызстан Ислам Университетинин тарбия иштери боюнча проректору Бакыт Ниязов жана финансы-чарба иштери боюнча проректору Нурланбек Масылбаев баштаган окутуучулар Ош шаарына болгон иш-сапарынын алкагында Ош облустук казыятында болушуп, казыяттын бөлүмдөрүнүн жалпы ишмердүүлүгү жана казыяттын жаңы имаратында түзүлгөн шарттар менен таанышышты. Иш чаранын жүрүшүндө коноктор Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев менен жолугушуп,  аймактагы  дин жаатындагы жетишкендиктер жана алдыдагы пландар боюнча пикир алмашты.  Ал эми облус казысы  дин кызматкерлерин даярдоодо Кыргызстан Ислам Университетинин орду чоң экендигин белгилеп, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү Ош облусунда диний кызматтарда иштеп, татыктуу кызмат көрсөтүп жаткандыгын айтып өттү. Ошондой эле кызматташуу багытында сунуштарын айтып, конокторго ыраазычылыгын билдирди. Ал эми Кыргызстан Ислам Университетинин тарбия иштери боюнча проректору Ош облустук казыятынын иши жалпы дин кызматкерлерине үлгү экендигин белгилеп, казыяттын ишине ийгилик калоо менен атайын китептерди белекке берди.

Эскерте кетсек, ушул жумада Кыргызстан Ислам Университетинин окуу иштери боюнча  проректорлору баштаган окутуучулар Ош шаарына атайын иш-сапары менен келишип, университеттин Ош филиалында жергиликтүү тургундар үчүн атайын лекцияларды өтүшкөн болчу.