Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Булан-Сөгөттү айылындагы имамдарга улуттар ортосундагы достукту бекемдөө боюнча иш алып баруу тапшырмасын берди

Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев Булан-Сөгөттү айылындагы имамдар менен жолугушуп, региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында аткарылуучу иштер туурасында имамдардын сунуш-пикирлерин кабыл алды. Ошондой эле  коомчулук менен иш алып барууну жандандырып, ар бир имам өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылуусун эскертти.

“Ислам дини бардык элдин укугун коргоп, ынтымак-ырашкерликке, достук менен  боордоштукта жашоого үгүттөйт. Ислам дини  эл ортосундагы ынтымакка чакырат”,-деди Максат ажы Сейталиев.

Мындан сырткары тазалыкка көңүл буруу, отчетторду өз убагында тапшыруу жана мечиттерди каттоодон өткөрүү маселелери талкууланды.