Таш-Көмүр шаарында азанчылар арасында конкурс өтүп, тең упай менен чыккандар чучукулак кармашты

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз каары Закировдун тапшырмасына ылайык Таш-Көмүр шаардык хатибиятынын демилгеси менен хатибиятка караштуу мечит азанчыларынын  арасында мыкты, мукам үндүү, кооз жана туура айтуучу азанчыларды тандап алуу конкурсу болуп өттү. Конкурска жалпысынан 32 азанчы катышып, 5 кишиден турган калыстар тобу  азанчылардын азан айтууда тажвидине, кыраатына жана кооздугуна баа беришип, жыйынтыгын чыгарышты.

Азан айтуу конкурсунда биринчи орунга  Шамалдуу-Сай шаарчасындагы “Имам Аьзам” мечитинин атынан келген Ибрагимов Мухаммедалы жеңүүчү болсо, ал эми экинчи орунга Теңдик аймактык башкармалыгынын “Азрети Али” мечитинин азынчысы Жороев Аскар татыктуу болду.

“Экинчи орунга үч талапкерге көрсөткөн баалары бирдей болду. Алар Кахаров Муслим, Аутахунов Адыл жана Жороев Аскар. Калыстар тобу чучукулак карматып, натыйжада  Жороев Аскар татыктуу болду”,-деди казыяттын маалымат кызматынан.

Биринчи жана экинчи орунду ээлеген азанчылар 2019-жылдын 2- февралында Жалал-Абад шаарында өтүүчү облустук турга жолдомо алышты.

Эске салсак, азан конкурсу мындан 10 күн мурун бардык райондук, шардык хатибияттарда жарыяланган. 2019-жылдын 2-февралында Жалал-Абад шаарында облустук туру өтүп, 1-2-3-орун  алгандар республикалык азан жарышына жолдомо алат. Азан жарышын Жалал-Абад казыяты “Мухаммед-Умар-Ош” коомдук бирикмеси менен бирге уюштурмакчы.