Исфананын Самат айылындагы төрөттөн жабыркаган Кайырма Вайдуллаевага айыл эли 18700 сомдук акчалай жардам көрсөтүштү

Исфана шаарынын  Самат айылынын жашоочулары төрөттөн жабыркап,  оор операцияга дуушар болгон айылдашы Кайырма Вайдуллаевага 18700 сомдук  акчалай жардам көрсөтүштү. Жардамды тапшырууга айыл имамы Алланазар  Кайымов жана айыл башчысы Кубанычбек Искандаров барып, Кайырма Вайдуллаеванын ден соолугунан жана жашоо-тиричилигинен кабар алышты.

“Кайрымдуулук ишибизди айыл эли колдоого алып, акчалай жардам беришти. Албетте, биз оор мезгилде бири-бирибизге колдоо көрсөтүп турушубуз зарыл. Бул ынтымагыбызды бекемдейт”- дейт айыл имамы.