Чүй облусунун казысы казыят кызматкерлерине жыйын өтүп, анда казыяттын ишин кыска мөөнөттө жөнгө салуу керектинин билдирди

Чүй облусунун мусулмандар казыятынын жыйындар залында облус казысы Руслан ажы Жумагулов жалпы казыят кызматкерлери жыйын өткөрүп, анын алкагында кыска мөөнөттүн ичинде казыяттын ишин жөнгө салуу жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы тарабынан берилген тапшырмаларды аткаруу, элди маалымат менен камсыз кылуу тармагын жакшыртуу маселелери каралды.

«Имамдарыбыздын мамлекет жана эл үчүн аткарып жаткан иштери абдан эле көп. Ошол иштерден карапайым калк дагы үлгү алып, коомубуздун өнүгүп-өсүүшүнө көмөк көрсөтүүлөрү керек. Андыктан ар бир ишибизди ыкластуулук менен кылып, башкысы жоопкерчиликтүү бололу. Жакшы иштерде жарышуу – бул ыкластуулукка каршы эмес»,-деди облус казысы.

Ал эми жыйындын соңунда облустагы имам хатибтерге өтө турган жыйындын убактысы белгиленип, аны уюштурууну казыяттын иш башкарма башчысына тапшырылды.