Бишкек шаарынын казысынын орун басары Биринчи Май районунун баш имам хатибин кабыл алып, хатибияттын алдыга койгон максаты менен таанышты

Бишкек шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов Биринчи Май районунун баш имам хатиби Идрис ажы Ахунбаевди кабыл алып, 2019-жылдагы хатибияттын алдыга койгон максаты менен таанышты. Ал эми  шаар казысынын орун басары 2018-жылы план боюнча аткарылбай калган иштерди быйылкы жылы аягына чыгаруу, хатибияттын карамагындагы имамдардын билимин жогорулатуу, Ханафий мазхабы жана Матурудий акыйдасы боюнча коомчулук арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын бериди. Муну менен катар эл ичинде болуп жаткан ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча иш чараларды өткөрүү керектигин айтып, жалпы имамдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тыгыз иш алып баруулары керектигин баса белгиледи.

«Казыят тарабынан берилген тапшырмаларды өз учурунда аткаруу менен быйылкы жылы элибиздин ынтымагын бекемдеп, терс көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү максат кылуудабыз»,-деди Биринчи Май районунун баш имам хатиби.

Эскерте кетсек, бүгүнкү күндө Биринчи Май районунда 12 мечит иш алып барып келет.