Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов райондук хатибдердин маалыматтарын угуп, отчеттору төмөн баага татыган хатибдерге эскертүү берди

Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов облустагы жалпы баш имам хатибдер менен жолугушуп, берилген тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалыматтарын укту. Муну менен катар облус казысы имамдарды бирдиктүү формага алып келүү, жума хутбаларды маңыздуу айтуу, мечиттердин каттоосун тездетүү жана Муфтият, казыяттан чыккан буйруктарды аймактагы имамдарга өз учурунда жеткирүү боюнча катуу талап коюп, бул ишти жеке өзүнүн көзөмөлүнө алаарын эскертти. Ошондой эле ал ар бир хатибияттын жана аймактагы имамдардын ишин өз учурунда облустук казыятка маалымдап турууну баш имам хатибдерге тапшырды.

«Баш имам хатибдер менен болгон жолугушууда облус казысы отчеттору төмөн баага татыган хатибияттарга эскертүү берип, тез аранын ичинде иштерин жакшыртууну тапшырды. Ошондой эле дин кызматкерлеринин ортосунданы ынтымакты бекемдеп, Жараткан Алла Таала жана мамлекет үчүн чын ыкластан мээнет кылууга үндөдү»,-деди казыяттын маалымат катчысы Бектен Зарылбеков.

Ал эми жыйындын соңунда облус казысы 2019-жылдагы иш планды талкуулап, баш имам хатибдердин ишине ийгилик каалады.