Муфтияттын Аппарат жетекчиси жана ДИМК өкүлдөрү Ананьев айылындагы жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту

Бүгүн, 23-январда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын Аппарат жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Закир Чотаев, ДИМКтин адерстери, Ысык-Көл облусунун мусулмандар казысы Алмазбек ажы Сагындыков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Ананьев айылындагы жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту.

Эл менен болгон жолугушуу алкагында улуттар арасындагы ынтымакты, достукту бекемдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, болгон окуя боюнча эртен, 24-мартта Тамчы айылында дагы жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу болоорун айтышты.

«Биз бардык динге бирдей мамиле жасалган светтик мамлекетте жашайбыз. Адам диний же этникалык негизде кемсинтүүгө учурабашы керек. Кыргызстандын мыйзамында диний же улуттук түшүнүктөн улам зомбулук жасоого үндөгөн чакырыктар экстремисттик ишмердүүлүк катары каралат. Биз андыктан ар кыл диндин өкүлдөрүнүн мамилелерин жана бири-бирине болгон урматтоолорун өнүктүрүшүбүз керек», —деди ДИМКтин  директорунун орун басары Закир Чотаев

Ал эми  Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын Аппарат жетекчиси Ислам дининдеги улуттар ортосундагы ынтымак боюнча баяндамасын жасап, коомдун ынтымагы мамлекет үчүн маанилүү экендигин айтып, конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөө боюнча республикадагы бардык казыяттарга тапшырма берилгендигин билдирди.

«Динибиз эл ортосундагы ынтымак – биримдикке, улууларды урматтап, бардык адамзатка, жаратылышка өтө жакшы мамиле кылууга чакырат. Ыйык Курандын Хужурат сүрөсүнүн 13 аятында: «Эй адамдар! Биз силерди эркек-ургаачыдан жараттык. Ошондой эле бири-бириңерди таанып-билишиңер үчүн урууларга жана элдерге бөлүп койдук. Аллахтын алдында силердин эң сыйлууңар-такыбараагыңар. Чындыгында, Аллах-(баарын) Билүүчү, (баарынан) Кабардар»-деп айтылат. Андыктан ар бирибиз өлкөбүздүн бүтүндүгү үчүн кызмат кылуубуз маанилүү»,-деди Абибилла ажы Кадырбердиев.

 

Фото: ДИМК пресс служба