Оштогу 900гө чукул мечит имамдарына намаз убакыттарынын календары китеби таратылды

Ош облустук казыятында Ош облусунун  мусулмандар казысы Самидин кары Атабаевдин жетекчилигинде райондордун башкы имам хатиптерине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынан жана Аалымдар Кеңешинен атайын түзүлгөн “Ай көрүү жана намаз убактыларын тактоо” комитети тарабынан иштелип чыккан   Намаз убакыттарынын календары китептери таратылып берилди. Иш чаранын жүрүшүндө Самидин кары Атабаев намаз убакыттарынын календары китеби намазды өз убагында окууга багыт көрсөтүүчү колдонмо экендигине токтолду.

 “Ар бир намазды өз убагында окуу – парз, убагынан мурда окуу таптакыр мүмкүн эмес. Ошондуктан бул колдонмо китепте мурдагылардан айырмаланып, облусубуздун ар бир айылдарына чейин аймактык убакыттарынын өзгөчөлүгүнө жараша намаз убакыттары аныкталып берилген. Андыктан, бардык дин кызматкерлери бул боюнча жалпы мусулмандарга  маалыматтарды толук жеткирүүгө милдеттүүбүз”-деди облус казысы. 

 Ал эми баш имам хатиптер колдонмо китептин чыгышы аймактарда намаз убакыттарынын бирдиктүү убакытта окулушуна жана жарандар арасындагы убакыт боюнча талаштарга чекит койорун белгилешти.

Эскерте кетсек, Ош облусунун аймагы үчүн чыгарылган Намаз убакыттарынын календары китебинде облустагы 17 аймактын намаз убакыттары көрсөтүлүп берилген.