Канттагы санитардык-гигиеналык лабораториясынын кызматкерлери Милянфан айылындагы дин кызматкерлерине тазалык туурасында лекция окушту

Кант шаарындагы  санитардык-гигиеналык лабораториясынын кызматкерлери Ысык-Ата районунун Милянфан айылындагы «Аль-Бушра» медресесинин эмгек жамаатына,  окуучуларга жана имамдарга тазалык туурасында лекция окушту. Иш чарага шаардын  санитардык-гигиеналык лабораториясынын кызматкерлери Кубаныч Турсуналиев жана Жумаш  Секишев катышып, тазалыктын ден соолукка тийгизген пайдасы, жугушту оорулар жана аларды алдын алуу боюнча маалымат беришти. Муну менен катар алар дин кызматкерлерине жыл сайын медициналык кароодон өтүп туруу  керектигин айтышып, бул ден соолукту көзөмөлдөп турууга пайдалуу экендигин баса белгилешти.