Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов Кара-Жыгач конушуна курулуп жаткан жаңы мечиттен кабар алды

Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов Кара-Жыгач жаңы конушундагы жергиликтүү демөөрчүлөрдүн жардамы менен салынып жаткан жаңы мечиттин курулушу менен жеринде таанышты. Шаар казысы мечитти салып жактандарга жана курулушчуларга ыраазычылыгын билдирип, мусулмандардын ибадат кылуусуна шарт түзүү өтө чоң сооп экендигин билдирди.

«Мечит Алла Тааланын үйү. Андыктан мечитте бардык шарттар орун алып, жарандар үчүн ыңгайлуу болушу маанилүү»,-деди шаар казысы.