Ош облустук казыятында электрондук форматка өтүүнүн санариптик инструменттерин иштеп чыгуу талкууланды

Ош облустук мусулмандар казыятында региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына  карата райондук хатибияттардын жылдык иш пландарын талкулоо болуп өттү.  Аталган иш чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, райондордун баш имам хатибдери жана казыят кызматкерлери катышты. Жыйындын жүрүшүндө казыяттын жана райондордун баш  имам хатибдеринин жылдык иш пландарына кошумча толуктоо иш чараларын киргизүү боюнча берилген тапшырмалар талкууга алынды. Облус казысы Самидин кары Атабаев региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында райондук хатибияттар жана мечит имамдары өздөрүнүн иштөө системаларын электрондук форматка өткөрүүүн санариптик инструменттерин  иштеп чыгуусу зарылдыгын белгиледи.  Андан соң жыйында аталган иш чараларды ишке ашыруу максатында талкуу жүрүп, жарандарды кабыл алуу иштерин жана шарият маселелерине жооп берүүнү алтернативдүү онлайн тартипте жүргүзүүнү ишке ашыруу, казыяттын жана райондук хатибияттардын кагаз иштерин жүргүзүүнү, документ иштерин жана архивдик документтерди сактоону электрондук форматка өткөрүү жана маалымат алмашуунун мобилдик тиркемелерин иштеп чыгуу чечимдери кабыл алынды.   

Жыйын соңунда 2019-жылга карата мерчемделген иш пландар 10-февралга чейин кайрадан иштелип чыгууга жөнөтүлдү.