Чүйдүн Шамшы айылында ата-энелердин катышуусунда конференция өтүп, анда өспүрүмдөрдүн үй-бүлө куруу маселеси боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Чүй районунун Шамшы айылдык мектебинин жыйындар залында «Үй-бүлө куруу – бул чоң адамдардын тандоосу» аттуу конференция болуп өттү. Конференцияга Шамшы айылынын имамы Мирлан Кадыров, РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн кызматкери Мирлан Тургунбаев, дарыгерлер жана ата-энелер катышып, анын алкагында  жашы жете элек өспүрүм кыздардын эрте турмушка чыгып кетпөөсү талкууланды.

«Үй-бүлө куруу шариятыбызда өтө маанилүү жана жоопкерчиликтүү меселе. Ал эми ар бир инсан үй-бүлө куруу кадамына барыш үчүн жакшылап ой жүгүртүп, акыл калчоосу зарыл. Никеге туруп жатканда жубайлар шариат алдында берген убадаларын унутпай, бири-бирин колдоп, турмуштун оор учурларына чыдай билүүлөрү керек. Ал эми жашы жете элек өспүрүмдөр  үй-бүлө куруудан мурун билим алууга умтулуусу милдеттүү»,-деди айыл имамы.  

Конференция катышуучулардын суроо-жообу менен коштолуп, өздөрүнүн сунуштарын жана ой-пикирлерин айтышты. Ошондой эле катышуучулар ата-энелерге 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр үйлөнсө мыйзамдын чегинде чара көрүлөөрүн эскертишти.