Жайыл районунун «Жайыл ата» борбордук мечитинин жергиликтүү жамааты рак оорусунан жабыркаган Гүлбарчын Марлисовага 14600 сомдук акчалай жардам берди

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун «Жайыл ата» борбордук мечитинин жергиликтүү жамааты рак оорусунан жабыркап, Түркия мамлекетине дарыланууга жөнөп жаткан 1991-жылкы Гүлбарчын Марлисовага 14600 сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөтүштү.

Жардамды Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Омуралиев тапшырып, Гүлбарчын Марлисовага Жараткан Алла Тааладан сакайып кетүүсү үчүн дуба кылды.