Тоңдун имамдары үчүн атайын сабактар уюштурулат. Мындай чечимди хатибият жылдык планына киргизди

Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов  аймактагы жалпы имамдар менен жолугушуп, бүгүнкү күнгө чейин аткарылган иштердин отчетторун укту. Жыйында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы жана облустук казыяттардан келген тапшырмалар каралып, алардын аткарылышы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кызматташуу, коомчулук арасындагы түшүндүрүү иштери талкууланды.

Ал эми отчеттук жыйын алкагында райондун баш имам хатиби 2019-жылдагы иш планда имамдардын билимин жогорулатуу маселеси кирип, мындан ары ар бир аймактагы дин кызматкеринин билими жогорулай тургандыгын маалымдады. Ошондой эле Таалайбек ажы Акунов хатибият тарабынан кайрымдуулук иши жүргүзүлүп, турмушу оор 2 үй-бүлөгө 12 миң сомдук жардам берилгендигин кошумчалады.