Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондоруна курулган жаңы мечиттер ишке берилди

Чүй облусунуна караштуу Сокулук районундагы Манас айылында жана Аламүдүн районунун Молдовановка айылында Муса ажы Магомаев тарабынан каржыланып курулган 2 мечит удаа  ишке берилди. Мечитин ачылыш саамалыгына Чүй облусунун мусулмандар казысынын орун басары Жоомарт ажы Абдурахманов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, айыл элине куттуктоолорун айтышты.

«Манас айылындагы мечитке Азирети Фатима деп ат коюлуп, имам сунушталды. Муну менен катар мечитте намаз окуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн»,-деди казыяттын маалымат катчысы Бектен Зарылбеков.