2019-жылдагы ажыларды ташуучу авиакомпаниялар ортосунда жарыяланган конкурс 17:00до жабык деп жарыялады

2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын жумушчу тобу Кыргыз Республикасынын жана Сауд Араб Падышалыгынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда 2018-жылдын 28-декабрынан 2019-жылдын 28-январы, кечки саат 17:00го чейин жарыялаган конкурсун талапка ылайык бүгүн, 28-январда кечки саат 17:00до жабык деп жарыялады.

Бүгүнкү күндө конкурска бир гана flynas (Флайнас) авиакомпаниясы документ тапшырды.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 28-декабрында ажыларды ташуу үчүн Кыргыз Республикасынын жана Сауд Араб Падышалыгынын улуттук авиакомпаниялары ортосунда конкурс жарыяланган.