Кумарбек ажы Орозалиев: Билим кесипти тандоодо керек болсо, адеп-ахлак өмүр бою коом менен тынчтыкта жашоого шарт түзөт

Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек ажы Орозалиев Ак-Талаадагы Ж.Мамбетов атындагы орто мектептин окуучулары жана айыл эли менен жолугушту. Эл менен болгон жолугушууда баш имам хатиб ыйман, адеп-ахлак, Ислам  дининни баалуулуктары жана балдарды туура тарбиялоо боюнча  баяндама жасап, тарбиялык маанидеги видео-роликтерди көрсөттү.

“Билим алуу менен бирге эле адеп-ахлакты кошо үйрөнүү керек. Билим кесипти тандоодо керек болсо, адеп-ахлак өмүр бою коом менен тынчтыкта жашоого шарт түзөт”, — деди баш имам хатиби.

Эскерте кетсек, ушундай эле иш чаралар Нарын районунун башка дагы аймактарында өткөрүлүүдө.