Бишкек шаардык казысынын орун басары казыяттын ишмердүүлүгүн өз көзөмөлүнө алып, ишти жакшыртуу үчүн пландуу иштерди жасоону талап кылды

Бишкек шаардык мусулмандар казыятында кезектеги апталык жыйын өтүп, анда шаар  казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов казыяттын ишин жакшыртуу багытында казыят кызматкерлерине бир нече тапшырмаларды берди. Муну менен катар  Эрназар ажы Асатов Бишкек казыяты борбор калаада иш алып барып жаткандыктан  жоопкерчилик жогору экендигин эскертти.

«Ар дайым өз ишибизге так болуу менен гана ишибиз илгерилейт. Мусулмандын эң чоң жана эң мыкты сапаты, бул өз ишин так аткаргандыгында. Ошондуктан өз ишибизди так аткарып, жалпы мусулман коомчулугуна пайдалуу иштерди жасайлы»,деди шаар  казысынын орун басары.

Муну менен катар Эрназар ажы Асатов казыят кызматкеринин пландуу иштери жана жумушка болгон мамилеси өзүнүн жеке көзөмөлүндө экендигин баса белгиледи.