Чүй облусунда 857 жаран ажылык сапарга баруу үчүн электрондук тизмеге катталды

Чүй облусу боюнча ажылыкка каттоо 7 аймакта жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин облус боюнча ажылыкка катталган жарандардын саны 857ге жеткен.

«Каттоо иши азыр да абдан кызуу жүрүүдө. Операторлор тынымсыз иш алып барып, облустук казыят тарабынан тыгыз көзөмөлдөнүүдө», — деди Чүй облусундагы ажыларды каттоо боюнча жоопту адис Алманбет ажы Суеркулов.

Эскерте кетсек, ажылыкка каттоо 31-январда аяктайт. Быйыл Сауд Арабия Падышачылыгынын ажылык министрлиги Кыргызстанга 5510 квота бөлгөн.