«Бишкек Парк» соода жана эс алуу борборунун намазканасы оңдоп-түзөөдөн өттү

Бишкек шаарынын борборунан орун алган «Бишкек Парк» соода жана эс алуу борборунун намазканасы оңдоп-түзөөдөн өттү. Учурда «Бишкек Парк» намазканасында бардык шарттар каралып, ибадат кылуучулар үчүн бир топ жакшырган.

««Бишкек Парк» соода жана эс алуу борборунун намазканасы толугу менен жаңыланып, жарандар үчүн абдан ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Соода жана эс алуу борбордун жетекчилиги дагы намазканага абдан көңүл бурушуп, ибадат кылуучулар үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди»,-деди «Бишкек Парк» намазканасын имамы Шамшидин ажы Маматкулов.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын февраль айында коопсуздуктун алдын алуу  максатында аталган намазканага Бишкек шаарынын казысынын буйругу менен жума намазын окууга эмес, беш убак намазды окууга уруксат берилген.