Баткен облусунун казысынын орун басары Муаз ибн Жабал медресесинин студенттерин билимдүү болууга чакырды

Баткен облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров  Баткен шаарындагы  Муаз ибн Жабал медресесинин студенттерди менен жолугушту. Студенттер менен жолугушуу учурунда облус казысынын орун басары “Билим алуунун пайдалары” туурасында лекция өтүп, өлкөнүн келечеги билимдүү жаштардын колунда экендигин баса белгиледи.

«Студент өзүн жакшы алып жүрүп, сабак алууда дайыма кызыгуусун жогорулатышы керек. Ошондой эле ал башкаларга үлгү болуш керек»,-деди Нурдин ажы Мамасабиров.