Руслан ажы Жумагулов: 2019-жылы облустук казыят бир топ маанилүү иштерди аткарууну пландады

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин жардамчысы Улан ажы Ибраев Чүй облусунун мусулмандар казыятынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, облус казысы Руслан ажы Жумагулов менен жолугушту. Муну менен катар сүйлөшүүлөрдүн алкагында облус казысы 2019-жылдагы иш планы менен тааныштырып, жалпы дин кызматкерлери менен биргеликте алдыга олутту иш чаралар коюлгандыгын баса белгиледи.

«Ар бир берилген тапшырманы жана иш планда көрсөтүлгөн талаптарды аткарсак ишибиздин натыйжасы көрүнөт. Дин кызматкерлери бул жаатта жоопкерчилик менен иштөөсү маанилүү»,-деди Улан ажы Ибраев.