Таң заардагы дуба

Бир замандарда Хорасан аймагынын адилеттүү жана ак жүрөк бир башкаруучусу бар эле. Ысымы Абдуллах бин Тахир болчу. Бул башкаруучунун кол алдындагы тартип сакчылары, бир күнү ууруларды кармап, башчылыкка маалымдашат. Жолдо алып келе жатканда  уурулардын бири качып кетет. Окуя жүз берген учурда  Гераттык бир темир уста  Нишапурга сапар тартып барат. Жумушун бүтүрүп, ал жактан кайтып келе жатканында  Хорасан аркылуу өтөт. Аны баягы качып кеткен ууру болсо керек деп  кармап алышат. Берки уурулар менен кошуп, башкаруучунун алдына тургузушат. Башкаруучу: “Бардыгын зынданга салгыла”,- дейт. Эч кандай күнөөсү жок темир уста  темир тордун артында, таң заардан даарат алып, эки ирекет намаз окуйт.

Колдорун жайып: “Эй Роббим! Күнөөсүз экенимди жалгыз Сен гана билесиң. Мени бул зындандан куткаруучу да бир Өзүңсүң!” – деп дуба кылат. Бул жазыксыз темир уста минтип жалбарып жаткан кезде  башкаруучу үйүндө уктап жаткан. Түшүндө  алибеттүү төрт киши келип, тактысын тескери айлантаарда ойгонуп кетет. Бул түш  аны катуу камыктырат. Ордунан дароо туруп, даарат алат да, эки ирекет намаз окуйт. Тообо келтирип, ыстыкпар айтып, кайра уйкуга кетет. Кайра эле жанагы төрт адам, тактысын кулатаарда чочуп ойгонот. Өзүндө бир жазыксыз бечаранын акысы бар экенин түшүнөт. Уурулар эсине кылт дей түшөт. А балким, араларында күнөөсүздөрү да болуп жүрбөсүн? Башкаруучу дароо зындан башчыны чакыртып суроо узатат:

-Бул түнү абакта бейкүнөө адам кармалган эмес беле?

-Мындан менин кабарым жок мырзам. Бирок бир адам намаз окуп, аябай дуба кылып жатат. Көзүнүн жашы он талаа…

-Дароо ал адамды мага алып келгиле!

Темир устаны башкаруучунун алдына алып келишет. Башкаруучу анын жөн-жайын териштиргенден кийин абалга баа берет. Ал айтат:

-Сизден кечирим сурайм. Акыңызды кечиңиз жана менин берген мына бул миң күмүш белегимди кабыл алыңыз. Андан тышкаары кандай гана тилек-максатыңыз болсо мага келиңиз!

-Мен акымды кечтим… Берген белегиңизди дагы кабыл алдым. Бирок бир нерсе сурап, тилек тилөө үчүн сизге кайрылбайм.

-Эмне үчүн?

-Себеби мен сыяктуу бечара үчүн  сиз сыяктуу султандын тагын бир канча жолу терс айланткан эгемди таштап, башкалардан тилек тилөө, Жаратканга болгон кулчулукка жараша турган ишпи? Окуган намаздарымдан кийин кылган дубаларым аркылуу  Алла Таала мени канчалаган балээлерден куткарды. Эмнени кааласам ошол тилегимдин баары ишке ашты. Анан кантип башка бирөөгө барып корголойун?..