Бишкек шаардык казыятынан түзүлгөн комиссиялык топ Шаршенбай ажы медресесине барып, окуу жай боюнча чыккан маалыматты жеринте териштиришти

29-январь күнү Бишкек шаардык мусулмандар казыятынын кызматкерлеринен түзүлгөн атайын комиссиялык топ «Ынтымак»  жаңы конушунда жайгашкан Шаршенбай ажы медресесине барып, окуу жай боюнча vb.kg сайтына жарыяланган маалымат боюнча териштирүү ишин жүргүздү.

Комиссиялык топ алгач Шаршенбай ажы медресесинин мүдүрү Мамбет ажы  Осмоновдун маалыматын угуп, арыздануучу тараптан айтылган доомат боюнча окуянын чоо-жайынын жеринде териштиришти.

 «Медресеге кошуна жайгашкан  жаран vb.kg сайтына диний окуу жай боюнча орунсуз маалыматтарды берип, медресе окуучулары анын короосуна киргендигин жана медресенин имараты ал тарапка көлөкө түшүргөнүн айткан. Бирок айтылган маалыматтардын бардыгы жөнсүз жана далилсиз»,-деди медресе мүдүрү.

Комиссиялык топ арыздануучу менен жолугууга барганда ал жаран өз үйүндө жок болуп чыккан.  Ал эми Шаршенбай ажы медресесинин жетекчилиги диний окуу жайдын айланасын тосуп, мындан ары ушундай сөздөрдүн чыкпоосу үчүн атайын көзөмөл камерасын орнотушкан.

Териштирүүнүн жыйынтыгында  казыят тарабынан медресе жетекчилигине кандай жагдай болсо дагы маселени тынчтык жолу менен өз учурунда чечип, ынтымактуу болууга чакырышты. Ошондой эле Ислам дини тынчтыкка, биримдикке, ынтымакка чакырык жасай тургандыгын баса белгилешти.

Эскерте кетсек,  29-январь күнү Бишкек шаардык мусулмандар казысы Садридин ажы Маджитов Шаршенбай ажы медресесинин айланасындагы сөздөр боюнча комиссиялык топ түзүп, анын курамына шаар казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов, казыяттын окуу бөлүмүнөн жана казыят курамы кирген.