Баткен районунун баш имамы 2018-жылдын мыкты дин кызматкери аталды

Баткен райондук «Кылыл Туу»  коомдук-саясий гезити тарабынан Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов 2018-жылдын мыкты дин кызматкери  номинациясы менен сыйланды. Сыйлык райондун баш имамына 2018-жылда коомчулукта  аткарган мыкты ишмердүүлүгү үчүн ыйгарылган.

Белгилей кетсек, бир топ жылдык тарыхы  бар “Кызыл Туу” гезити 1 айда 3 жолу чыгарылып,  1500 нускада басылып келет.