Бишкек шаардык казыяты калаадагы жалпы имамдарга жыйын өткөрүп, 2019-жылы элге пайда бере турган иштерди аткаруу тапшырмасын берди

Бишкек шаардык казыяты Мусакан Төрө мечитинде жалпы имамдарга 2019-жылдагы алгачкы жыйынын өткөрүп, ага шаар казысы Садридин ажы Маджитов катышты.

Ордо калаадагы имамдарга өткөрүлгөн жыйында быйылкы жылы аткарыла турган иштер жана имамдардын жоопкерчилиги, Ханафи мазхабы жана Матуруди акыйдасынын негизинде иш алып баруу маселеси каралды.

«Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы тарабынан келген тапшырмаларды жана казыяттан келген буйруктарды өз учурунда жоопкерчилик менен аткаруу милдеттүү. Коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен иш алып барып, ар бир ишке маани берүү зарыл»,-деди шаар казысы.