Баткендеги дин кызматкерлери коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт

Баткен казыятынын  жыйындар залында Баткен облустук мусулмандар казыяты, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү К.Касымов  менен биргеликте “2014-2020-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын” жана диний мыйзамдар боюнча биргелешкен түшүндүрүү-профикалтикалык жыйыны өттү.

Жыйында Баткен  облуснуну казысы Пазыл ажы Султанмуратов учурдагы  диний абалга токтолуп, коомчулукту руханий жактан тарбиялоо, динди чүмбөт кылган туура эмес агымдарга бөгөт кою жана ага каршы турууда салттуу Ислам динин баалуулуктарынын өзгөчө ордун белгиледи.

Ал эми КРнын ДИМКтин Баткен облусундагы өкүлү дин чөйрөдөгү мыйзамдар боюнча маалымат берип, биргеликте иш алып барууну жакшыртуу керектигин билдирди.

Жыйындын соңунда облус казысы дин кызматкерлерине  жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо түзүмдөрү менен биргеликте эл арасында, окуу жайларда, мечит, медреселерде түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүү тапшырмасын берди.