Кыргызстандык ажыларды ыйык Меккеге «Flaynas» авиакомпаниясы ташыйт. Авиабилеттин наркы аныкталды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жыйындар залында 2019-жылдагы ажыларды ташуучу тараптар ортосунда сынак өтүп, ага Сауд Араб Падышачылыгынын жарандык «Flaynas» авиакомпаниясы гана катышты. Конкурска Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары, 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын жетекчиси Замир каары Ракиев, КРдин жарандык авиациясынын жана убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү катышты.

Конкурс алкагында «Flaynas» авиакомпаниясы талаптарда көрсөтүлгөн тиешелүү документтерин сунуштап, эки тараптуу талкуунун жүргүзүшүндө тараптар кыргызстандык ажыларды ташуунун наркын 1550 АКШ доллар бойдон калтырышты.

«300 орунду Boeing 767–300 учагы алгач Сауд Араб Падышалыгынан Кыргызстанга бош учуп келет дагы 300 ажыны Мекке шаарына алып барат. Ажылык сапары бүткөндөн кийин Сауд Араб Падышалыгынан 300 ажыны Кыргызстанга алып келет дагы бош учуп кетет. Бул түз чартердик рейс болгондуктан 4 рейстин 2 рейси бош учуп келүүгө туура келет. Ошондуктан бул коюлган баанын ичинде барып-келүү чыгымдары жана төлөмдөрдүн бардыгы кошо эсептелинген»,-деди   «Flaynas» авиакомпаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Таалайбек Окенов.

Конкурстун жыйынтыгында 2019-жылдагы убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү бир добуштан ажыларды ташууда кызмат көрсөтүү үчүн «Flaynas» авиакомпаниясын тандап алышты.

Эскерте кетсек, 2018-жылы дагы авиабилеттин наркы 1550 АКШ доллар болгон.