Азирети Муфтий Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраевдин энеси дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты

Нарын облусунун мусулмандар казысы Мамбетасан ажы Ибраевдин энеси дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен облус казысына, балдарына, үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына көңүл айтам.
Жараткан Алла Таала ар бириңиздерге бекем сабырдуулукту жана кайраттуулукту берсин. Алла Таалам маркум энебизди Өз ырайымына алып, күнөөлөрүн кечирип, жайын бейиштен берсин. Жараткан жалпыңыздарга сабыр берсин.

Терең кайгыруу менен көңүл айтып,
Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев